Лучшие средства от Простатита!

(Проверенно лично нашей редакцией сайта)

1.ProstEro

ProstEro
ProstEro — двойной удар по простатиту!

За 1 курс улучшит работу кровеносной системы, нормализирует процесс мочеиспускания, повысит иммунитет, усилит либидо!/FONT> Подробнее...

2. Крем ЗДОРОВ от простатита

Крем ЗДОРОВ от простатита
Крем "Здоров" от простатита, применяемый наружно, считается превосходным средством для профилактики и лечения. Для Вас он станет тем «спасательным кругом», которым стоит воспользоваться в первую очередь!
Подробнее

3. Spartagen

Крем ЗДОРОВ от простатита
Spartagen — натуральный продукт для мужчин, специально разработанный для комплексного воздействия на нормализацию и улучшение потенции.
Подробнее
 

Простатит кантип дарылоо керек

Адис жооп берет” рубрикасында Бишкек шаарындагы №3-Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун уролог-хирургу, дерматологу Бахтакунов Калдарбек ден-соолук боюнча өзүнүн адистигине туура келген суроолорго жооп берип турмакчы. Суроолоруңарды 0777 12 45 87 телефон номуруна СМС аркылуу жөнөтүңүздөр. Анонимдүү жооп алууга да болот. 

- Дааратканага барганымда боз түстөгү уруктук (сперма) чыгып калат. Анан арткы тешик менен калтанын ортосунун ички тарабы талыгансып оорутат. Аялым менен кошулганда тез эле түшүп калат. Эч кандай ырахат ала албайм? Закир, Астанадан

- Закир, сенде везикулит, простатит оорусу бар. Сени кошумча текшерүүдөн өткөрүш керек да, жакшылап дарыланууну колго алышың керек. Ошондо гана бардыгы калыбына келет. 

- Мен өз жолумдан адашып, кыз кезимде сактануу жолун билбей 7 жолу боюмдан алдырдым. 2 жолу 6 айлыкты, 5 жолу 3 айлыкты. Ден соолукка кандай зыяны келтирет? Азыр эки баланын энесимин. Толук маалымат алгым келет. 07790064…

- Сен канчалык жолуңдан адашсаң да, Кудайдын каарына калбаптырсың. Кудай жалгап эки баланын энеси болгонуңа шүгүрчүлүгүңдү билдир. Калганы Кудайдан. 

- Чачымды тараганда аябай көп түшүп жатат. Бул эмнеден болушу мүмкүн? 07785247…

- Чачтын түшүшүнүн себептери көп болот. Лабораториялык анализди жүргүзүш керек. Диагнозу так коюлса, дарылануу да абдан эффективдүү болот. 

- Байкемдин бетине кызыл бир нерселер чыгып жатат. Кантип кетирсе болот? Булар эмне себептен чыгат? Кан алдырса тазаланабы? Айтып коюңузчу. Раяна

- Раяна, байкең сөзсүз дерматологго кайрылып дарыланышы керек. 

- Этек кирим келген учурда белим, ичимдин жана ичимдин ылдый жагы эки күн катуу ооруйт. Кетонал ичем. Зыян эмеспи? 05553636..

- Этек кир келээр алдында, келип жатканда 1-2 күн оорушу мүмкүн. Эгерле, андан да катуу ооруса гинекологго кайрылып кеңеш алышыңыз керек. Кетоналды жөн эле иче бергенге болбойт. Ал абдан зыян. Сиздин жыныстык органдарыңызга суук тийген, текшерүүдөн өтүшүңүз керек. 

- Экинчи уулумду төрөгөндөн кийин гемморойум чыгып калды. Ичим катып калат. Үй шартында эмне кылсам болот? Нургүл

- Гемморойдун пайда болуусу негизинен ич катып заңдагандын оорлошконуна байланыштуу болот. 

- Гезиттин өткөн санында миоманы кантип дарылоо жөнүндө суроого жооп бергенсиз. Менде миома бар. 40 жаштамын, төрөйүн дегем. Врачтарга кайрылсам операция жолу менен алыш керек дейт. Сиз айткандай башка жол менен жок кылып төрөсөм болобу? Жардам бере аласызбы? Сизге кантип жолуксам болот? Роза

- Роза, мага келсең кайрадан УЗИден миоманын жайгашкан жерин аныктап туруп дарылоо жолун чечсек болот. Кайрылсаң жардам берем. Менин дарегим: Логвиненко көчөсү №30, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору. 

- Май куючу жайда иштейм. Бирок, чыгып куюп бербейм. Кассада эле олтурам(автоматизированный). Турмушка чыга элекмин. Иштегениме 2 жылдай болду. Кийин төрөбөй калышат дейт. Ушул чынбы? 07722011…

- Эгер автоматташтырылган болсо зыяны ПДК дан ашпаса эч нерсе болбойт. 

- Мен балдар менен беш жылдан бери жатам. Жыныстык катнашка барганда канааттанбайм. Бир да жолу канааттанып көргөн эмесмин.  Ал оору эмеспи? 07793000..

- Буга чейин мындай суроонун тегерегинде сөз кылганбыз.  Негизи жыныстык катнашка барганда ырахат алуу убакытты талап кылат. Бул учурда кыздар да, жигиттер да бири-бирине жакшы мамиле кылып ээритип, өзүнө тарта билиш керек. Сиз жигиттер менен жыныстык катнашка барганда кайсы учурда рахат ала алдыңыз, кайсы учурда канааттанбай калдыңыз -баарын байкап турушуңуз керек. 

Эгер таптакыр эле болбой калса, дүүлүктүрүүчү таблеткалардан ичип көрсөңүз болот. Гинекологго, психологго кайрылып кеңеш алып көрүңүз. 

- Мен Ош шаарында жашайм. Кытайдын ЧКА дарысын кайдан алсам болот? Ал аппак таштай катуу болот деп уккам. Анан зыяны тиет дешет. Мага керек болуп жатат. Себеби, төрөттөн кийин разрыв болгон жерим тигилбей калып кеткен экен. 07735300…

- Эгерле, Бишкекте тааныштарың бар болсо, мага жолукса таап бергенге жардам берем. Колдонсоң эч кандай зыяны жок. 

- 25 жаштамын. Эки бала төрөгөм. Улуусун төрөгөндө разрыв болгом. Жыныстык кынымды кичирейтип тиктирсем болобу? 07786010…

- Текшерип көрүп тыянак чыгарса болот. 

- Жигитим экөөбүз эркелешип жатканыбызда кокусунан жыныстык мүчөсү кирип кеткен. Бирок канаган эмес, башында аябай ооруган, билейин дегеним- мен кыздык белгимден айрылып калдымбы? Эгер кыздык белгимден айрылып калсам тиктиртсе болот деп уккам, ошол чынбы? Аида

- Демек, жыныстык мүчөсү кирип кетсе кыздык белгиңизден айрылып калдыңыз деп толук ишендирип айта албайм. Себеби, кыздык белги айрымдарыныкы чоюлчаак келет. Чоюлчаак болгон учурда канабайт. Ошондуктан, сага айта турган эң биринчи кеңешим сөзсүз гинекологго кайрылып текшерилип көрүнүшүң керек.  Гинекологго текшерилсең ал баардык кеңештерин айтып жардам бергенге аракет кылат. 

- Ден соолугу чың эркектин бел суусунун түшүү ылдамдыгы канча убакытты талап кылат? Айбек

- Гезиттин ар бир санында сиздикиндей көйгөйлүү маселелер жазылып жатат. Эркек бир жолку төшөк кумарында катары менен үч ирет оргазмга батты дейли. Анын биринчи, экинчисинде да бел суусу ок сымал атылып түшөт. Эгер андай болбосо доктурга кайрылуусу керек. Бул окумуштуулар тарабынан далилденип келген. 

- Жыныстык катнашка кошулсак жолдошумдун уругу бир мүнөткө дагы жетпей калат. Төрт жылдан бери жыныстык катнаштан рахат ала албай келем. Эмне кылсам болот? 07781016.. 

- Уруктун тез түшүп калуучу оорусу болот. Бул оору эркектин жыныстык сезгенүүсү менен байланыштуу. Жыныстык катнаш учурунда алсыздыгын билгизбей, коркуу сезиминен алыс болуп төшөктө даяр болушу керек. Бат түшүп калышынын дагы бир себеби, жолдошуңуздун бөйрөгүнө суук тийип калгандыгында. Дарылангандан кийин жолдошуңуз айыгып кетет. Эртерээк урологго кайрылып кеңеш алуу керек. 

- Үч жашар кызымдын бөйрөгү УЗИден пиелонефрит деди. Эмне дары берсем болот же элдик медицина менен дарыласам болобу? Өзүмдүкү болсо пиелонефрит, нефролитиаз деди. Эмне кылсам болот? Алдын ала сизге чоң рахмат. 07735300…

- Дарылар анализдерине карап туруп колдонулат. Сөзсүз урологго кайрылып дарыланыш керек. 

- Миоманы канча каражатка дарылайт. Сизге кайрылсак болобу. Жалгыз бой эне. 

- Кайрылсаңар каражат азыраак кете турган кылып сүйлөшүп берейин. 

- Азыр менин 3 айлык боюмда бар. Түйүлдүк жаңы түйүлгөн кезде билбей антибиотик азитромицин ичкем. Балага коркунучу жокпу? 05559924…

- Баланын ден соолугун, ички органдарынын, мээ, кан тамыр өсүү процессин текшерип туруу керек. Эгер потология табылбаса төрөй берсе болот. 

- 19 жаштамын, жигитим менен 2 жолу жыныстык катнашта болгом. Биз ушундай жол менен жыныстык катнашта боло берсек боюмда болбойбу? Бирок этек кирим келбей жатат, табарсыгымды кармасам катуу болуп жатат. Ак ириңге окшогон суюктук көп келет. Жанара

- Албетте, жигитиңиз менен эки жолу жыныстык катнашта болсоңуз, жыныстык катнаш учурунда сактанбасаңыз, этек кириңиз келбесе мүмкүн боюңузда болуп калды. Ал табарсыгыңыздын катуу болуп жатканы боюңузда болуп калып сезип жаткандырсыз. Эмнеси болсо да догдурга кайрылып текшерилип көрүнүңүз. Ар бир аялзатында суюктук келет. Бирок, аз өлчөмдө гана болуш керек. Сиздики көп келип жатса инфекция же сезгенүү бар. Мазок тапшырып, дарыланышыңыз керек. 

- 44 жаштамын. Мага өнөкөт простатит деп диагноз коюшту. Бул ооруда кандай белгилер болот? Өтүшүп кетсе кандай ооруларга чалдыктырат? Дарылоо ыкмаларын айтып берсеңиз. Абдрахман

- Өнөкөт простатит 40 жаштан жогору болгон эркектерде 30-40% де учурайт. Инфекция булагы болуп арткы уретра, сийдик түтүкчөсү эсептелет. Мындан сырткары простатаны өзүндө көпкө чейин туруп (застойный простатит) калган суюктуктардын себебинен жана өнөкөт тонзиллит, гайморит, тишке курт түшүү, өпкөнүн бронхтордун инфекцияларынын кан аркылуу гематогендик жол менен простатага отурукташканы негизги себептерине кирет. 

Простатиттин белгилери 

Биринчиден, ооруну сезүү табарсыктын үстүнө, чат, бел, чычаң тараптарга берилет. Дискомфорт болуп, уйку качат. Экинчиден, (дизурическое расстройство) тез-тез сийип, жалган чакыруу сыяктуу болуп, табарсыкта сийдик калып калган сыяктанып сезилет. Үчүнчүдөн, жыныстык, сексуалдык бузулуулар байкалат. Уруктун тез түшүп калуусу, эрекциянын начарлашы билинет. Потенция ылдыйлайт, ал кетип, депрессияга кабылат. Өтүшүп кеткенде гемоспермия, башкача айтканда эякулят кан аралаш чыгат. Каликулит, везикулит оорулары кошулат. Көпкө дарыланбай жүрө берсе простатада петрификат топтолуп, ташка айланып калуу коркунучу туулат. Сперматогенез бузулуп тукумсуздукка алып келүүсү мүмкүн. Сөзсүз урологго кайрылып тийиштүү анализдерди, простатанын секретин, бактериологиялык, цитологиялык изилдөөлөрдөн өткөрүү зарыл. УЗИден так аныктап простатит же аденома экени, рак экени такталат. Атайын ПСА (простатспецификалык антигенин) анализ жасалат. 

Простатитти дарылоо 

Дарылоо узак убакытка созулат жана комплекстүү түрдө болот. Ар бир оорулууга индивидуалдуу түрдө анализдеринде чыккан инфекцияларына карап дары-дармектер жазылат. Бул оорудан оңой-олтоң дарыланып кетүү кыйын экени оорулууга түшүндүрүлөт, шаблон сыяктуу дарылоо жолу жок. Микробдордун флорасы аныкталгандан кийин антибактериалдык терапия, кан айлануусун жакшыртуучу дарылар, ферментативтик препараттар колдонулат. Эгер кабылдабаган простатит, абсцесс, аденома, рактын белгилери болбосо гана кан айлануусун жакшыртуу үчүн простатанын дренаждык функциясын жакшыртуу үчүн простатага бир мүнөттөн ашпаган убакытка массаж жасалат да, сийдик аркылуу тазаланат. Фаллодекомпрессия (ЛОД – лакольное отрицательное давление) простатаны рефлектордук түрдө кан айлануусун жакшыртат. Инстиляция жолу менен керектүү дарыны уретрага 5-7 мл чейин куюп, чыгарбай туруп арткы уретраны чат аркылуу жеңил массаж жолу менен керектүү дарынын простатага түздөн-түз натыйжа беришине өбөлгө түзүлөт. Бул ыкманы инстиляциялык массаж деп айтабыз. Мындан сырткары прополис свечаларын да колдонобуз. Микроклизмалар көтөн чучукка ромашка, календула, пустырник, шалфейдин тундурмаларын 40 С 100 мл чейинки көлөмдө куюлат. 

Физиотерапиялык дарылоолор

УВЧ, лазеротерапия, магнитотерапия, электрофорез, СМТ колдонулат. 

- Менин апамдын диагнозун гинекологдор миома деп дарылап жүрүшкөн. Азыр 51 жашта. Климакстан кийин кичирейет дешкен. Тескерисинче ооруганы күчөп кетти. Каны да азайып кетиптир. Арыктап, алы кетип баштады. Анализ алышкандан кийин саркома экен деп жатышат. Саркома кандай оору? Сизге кайрылсак жардам бересизби? Кененирээк маалымат берип коюңузчу. Гүлдана

- Гүлдана, сенин апаңдын оорусу шишик ооруларына кирет. Өтө коркунучтуу жатындын шишиги болуп эсептелет. Көбүнчө постменопаузада учурайт. Миомадан айырмасы тез өсө баштаганы менен айырмаланат. Этек киринин келиши бузулат. Оорусу оңой менен токтобой көпкө созулат. Жатындан жаман жыт чыгып, сыртка сууланышкан (бели) бөлүкчөлөр чыгат. Өзүң байкагандай каны азайып, тез арыктай баштайт. Мындай учурда УЗИден саркоманы аныктаса болот. Кан айлануусу бузулганынан некроздун белгилери билине баштайт. Ошон үчүн жогоруда айткан жагымсыз жыт чыга баштайт. Атайын кырылып алынган анализден гистологиялык анализ жасалып так аныкталат. 

Саркоманы дарылоо

Негизинен тез арада хирургиялык жол менен экстирпация жасалып, придаткалары менен кошо тазалоого туура келет. Себеби, бул оору башка органдарга метостаз берсе ал органдарга да шишик өсө баштайт. Кошумча химиотерапия жана комплекстүү полихимиотерапия жасалат. Бул ооруну канчалык эрте аныктаса ошончолук жакшы эффект болот. Гүлдана, мүмкүн болушунча эртерээк биздин Бишкектеги КНИИОлРга жаткырып дарыласа, оорунун алдын ала албасак да оорунун күчөп кетишин токтотуп турганга мүмкүнчүлүк болот. 

- Калдарбек байке, мен дагы периферияда жаш врачмын. Бизге ар түрдүү оорулары менен кандай профилдеги врач экениңе карабай кайрыла беришет. Сиз хирургия боюнча клиникалык ординатураны бүтүрүпсүз. Көп жылдан бери уролог болуп иштеп, дерматовенерологияны, гинекологияны өздөштүрүп УЗИде, допплерографияда дагы иштейт экенсиз. Сексопатология жагынан да сиздин жоопторуңуздан көп нерсени үйрөндүм. “Тамчы” гезитинин үзбөй алам. Сиздин жоопторуңуз мен үчүн “настольный мозг” болуп калды. Калдарбек байке, функционалдык диагностиканын ыкмаларын айыл шартында, гормоналдык пробаларды кантип өткөрүү тууралуу жана гормоналдык препараттарды колдонуу жолдорун, адоптогендик жөнүндө кеңири айтып бересизби? Сизди терең урматтоо менен перифериядан жаш врач кесиптешиңиз ИКС. 

- Ооба, бардык нерсени окуу жайын бүтүргөндөн кийин эле билип калууга болбойт. Эмгектенүү, убакыт, изденүү керек болот. Адашкан күндөр да болот. Ошолордон сабак аласың. Сексопатологиялык, гинекологиялык, урологиялык проктикада айыл шартында негизги лабораториялык анализдер жүргүзүү керек. Борбордук нерв системасында жайгашкан гипоталомус – гипофизардык комплекстин ылдыйда жайгашкан жыныстык бездер менен тыгыз байланышта болуп негизинен эки рилизинг – гормондорун чыгарат. ЛГ (лютенизирующий), ФСГ (фолликулостимулирующий). Бул ЛЮТеиндик, ЛГ гормону эркектик жумуртка безинде жайгашкан лейдига клеткаларына таасир берип тестостерон гормонунун чыгышына таасир берет. Ал эми аялдардын организминде ушул эле ЛГ гормону овуляцияга жакын көбөйүп фолликулаттын жарылышына жана жумурткалык жатынга токтоп, имплантация болушу негизги ролду ойнойт. Экинчи рилизинг – гормон ФСГ аялдарда фолликуланын өнүгүп-өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Ал эми эркектин организминде ФСГ жумуртка безине таасир берип, ал жактагы сертоли клеткасына пролиферативдик таасир берип, сперматогендик эпителийдин көбөйүшүнө жана сперматогенездин күчөшүнө алып келет жана эркек тукум улоого мүмкүнчүлүгү болот. Жогоруда айткан гормондордон сырткары жыныс системасына аденогипофиздин пролактин гормонунун ролу простата безинин урук калтасынын өсүшүнө таасирин тийгизет. Дагы бир айта кетүүчү нерсе пролактиндин деңгээли жогорулаганда ЛГ гормонунун деңгээли азаят. Аялдар стресстик факторлорго туш болгондо аденогипофиздин пролактин, кортикотропин, соматотропин гормондорунун деңгээли көбөйүп кетет да, менструалдык функциясы бузулат. Жогоруда айткан АКТГ, ФСГ, ЛГ, СТГ гормондорунан сырткары стероиддик гормондорунун, эркектик андроген, аялдардын эстроген, прогестерон жана кортикостероиддердин деңгээлин айыл шартында лабораторияда аныктаса болот. Аялдын организминде эстроген жыныстык органдарынын өсүшүнө таасирин тийгизет. Айта кетчү нерсе эстроген гормонун иликтеп караганда үч гормонго бөлүнөт. Эстрадиол, эстрон жана эстриал. Активдүүлүгү боюнча эстрадиол биринчи ролдо турат жана аялдардын миома шишик оорусунун өсүп кетишине түздөн-түз таасирин эстрадиол тийгизет. Эненин жатынында жайгашкан эркек жыныстуу түйүлдүк үч айлыгынан баштап андроген гормонун чыгара баштайт. Ушунун себебинен эркек бала төрөлөөрү билинет жана эркекке тийиштүү жыныстык органдары пайда болуп өсө баштайт. Ал эми эстрогендердин пайда болуусу түйүлдүктүн аялзатына тийиштүү жыныстык органдарынын пайда болуусуна алып келет. 

Кош бойлуулукту аныктоочу гормон бул прогестерон гормону болуп эсептелет. Прогестерон гормону түйүлдүктүн жатынга имплантация болуп кармалып калуусу үчүн жатындын булчуңдарын атонияга алып келет. Атония жакын жайгашкан ичегилерге да таасир бергенинин себебинен боюнда болгон аялдардын көңүлү айнып, кускусу келген рефлекстерге алып келгени менен түшүндүрүлөт. Жогоруда айткан гормоналдык өзгөрүүлөрдү, тагыраак айтканда “желтое тело” чыгарган прогрестерондун таасиринен температуралык тест менен аныктаса болот. Функционалдык диагностиканы айыл шартында менструалдык циклдин 11-12 күнүндө жатындын моюнчасынын ачылганын жарыктын нурун жиберип туруп кара чекитти, көздүн карегине салыштырып , медицинада симптом “зрачка” көрүнгөнүн аныктаса болот. Функционалдык диагностиканын дагы бир ыкмасы, овулециянын жакындаганынын дагы бир белгиси цервикалдык каналдын шилекейинин чоюлчаактыгы, кристаллизациялануусу, башкача айтканда абортизация феномени болуп эсептелет. Ал эми гормоналдык пробаларды сөзсүз гормондордун деңгээлин лабораториялык анализден өткөрүп туруп, УЗИден эндометрийдин калыңдыгын өлчөп, эстрогендик проба, прогрестериндик проба жүргүзүлөт. Эгер жогоркуларга эч кандай реакция болбосо, анда патология гипоталалсус, гипофизде экендиги анык болот. Андай учурда гонадотропин жана кломифен менен текшерүүгө өтүү керек. Жыныстык катнаштын бузулууларында горманалдык дарыларды колдонууга туура келет. Буга себеп либидонун, эрекциянын  бузулуусу жана тийиштүү гормондордун ылдыйдап кетиши болуп эсептелет. Гормондорду жыныстык органдарынын өсүү процесси нормага жетпей калып калган учурларда, гипогонезди да беребиз. Организмден кандайдыр бир себептер менен чыкпай калган учурларда (ЗГТ) катары берүүгө туура келет. Гормондорду негизсиз бере берген да болбойт. Капулятивтик функцияны калыбына келтирүү үчүн гонадотропин гормондорун беребиз. Адоптегендерге өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алынган дары-дармектер кирет. Бул топко кирген дарылар адамга стимул, тонус берип, ишкердүүлүгүн жогорулатат. Мындай адоптогендерге женьшендин тамыры, элеутрикакк, Кытайдын лимонниги, аралиининин тамыры, сапарол, заманиха, алтын тамыр, чөп өсүмдүгүнөн алынган левзея кирет. Маралдын, изюбранын мүйүзүнөн даярдалган пантокрин эң мыкты адоптоген болуп эсептелет. Бал чыгаруучу аарылардын секрети болгон маточное молочко, апилак азыркы убакта кеңири белгилүү тенториумдун хлебина, апифитонус жана башка көптөгөн продукциялары алмаштырылгыс, организмге эң керектүү адаптогендер болуп эсептелет. Менин жаш врач кесиптешим, сага да иштериңе ийгилик каалайм. Менин айткандарым сен сыяктуу жаш дарыгерлерге пайдасы тийсе -мен ыраазымын. 

 Даярдаган Асел Карыпбекова, "Тамчы"


Источник: http://inter.kg/main/3095-adis-zhoop-beret-urolog-kaldarbek-bahtakunov-menen-suroo-zhooptor-3-b1257l1199k.html



Бойрокту кантип дарылоо керек. Для пациентов на Аденома предстательной железы лечение и питание

Простатит кантип дарылоо керек Геморойду уй шартында кантип дарылоо керек
Простатит кантип дарылоо керек Цистите кантип дарылоо керек на сайте
Простатит кантип дарылоо керек Жтлд элдик ыкмалар менен дарылоо lady
Простатит кантип дарылоо керек Кантип дарылоо керек геморойду
Простатит кантип дарылоо керек Простатит - Суперстан
Простатит кантип дарылоо керек 17 видов женского оргазма: вагинальный, клиторальный
Простатит кантип дарылоо керек Болит простата ночью
Все пытался достичь оргазма без помощи рук только массируя Доктор мясников о простатите и аденоме простаты - Простатита нет! Лекарство Мен-с формула Простата Форте - инструкция по Массаж простаты при хроническом простатите Миньет массаж простаты сперма Парень делает девушке эротический массаж